айдар II
Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды< арабизм. hейдар «шер, арстан». Жакыптын уулу жайдарга, Жаш кабылан айдарга, Манаска кабар салыӊар, Чакырып келе калыӊар (Жүсүп Мамай). Жогорудагы «айдарын тигүү» жана «айдарын салуу» деген фразеологизмдер ушул айдар II менен байланыштуу болушу мүмкүн. Мындан тышкары, «Манаста» Алмамбетке гана айтылуучу «алтын айдар» (Алтын айдар, чок белбоо, Азиз кандын жалгызы) калмак тилинен да кездешет. Ошентип, түрк-монгол параллели деп эсептелип жүргөн бул сөздүн теги жогорудагы арабизмге барып такалышы да мүмкүн, анткени буга маанилеш көкүл сөзү да иран тилдеринен алынганы (көкүл < ир. какол) белгилүү.